Туманбаев: Сабыр кылып турсаңар, кийинки жылы Бишкекте жаркыраган автобекет болот

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев «Бишкек автобекети» ишканасынын жаңы бекетине байланыштуу соцтүйүн колдонуучуларынын сыны боюнча билдирүү жасады.

Ал бийлик Бишкекте жаңы автобекеттин курулушун баштаганын, а сынга алынып жатканы «мэрия жаңысы бүткөнчө даярдаган убактылуу бекет» экенин билдирди.

«Эки күндөн бери эле “кокуй автовокзалдын абалы ушулбу!” деп талкуу жараткан блогерлерди байкап жатам. Башка өлкөнүн вокзалдары менен салыштырып, шылдыңдоо кылгандар дагы бар. Элге шарт түзөлү, жаңы куруп берели деген максаттарыбызды, айрымдар бурмалап тепкиге алып жатасыздар. Мындай кылбаңыздар, уят туугандар. Андан көрө элдин кызыкчылыгына багытталып жасалган жумуштарды колдоп турбайсыздарбы?»
— деди ал.  

Туманбаев эгер эл сабыр кыла турса, президенттин тапшырмасы менен кийинки жылы Бишкекте жаркыраган автобекет болорун кошумчалады. Ал соцтүйүндөгү билдирүүсүнө курула турган автобекеттин эскизинин сүрөтүн тиркеди.

Буга чейин Бишкек мэриясы 23-октябрдан тарта Батыш жана «Акжол» автобекеттери жабылганын, эми аймактарга каттамдарды жаңы «Бишкек автобекети» тейлей турганын билдирген.