Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында Орозбек Токтомамбетов менен Абдымалик Карачев күмүш медалга ээ болду.
Токтомамбетов эркин күрөш боюнча 74 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгач азербайжандык, орусиялык, түркиялык атаандаштарын жеңди. Финалда жапон балбаны Кота Такахасиге жеңилип, 2-орунду ээледи.
Ал эми эркин күрөш боюнча 57 кг чейинки салмакта күрошкөн Карачев алгач кытайлык, америкалык, ирандык спортчуларды жеңди. Финалда индиялык спортчу Чираг Чирагга жеңилип, күмүш тагынды.
Буга чейин кыргыз балбаны Раззак Бейшекеев ушул эле мелдеште Дүйнө чемпиону болгон.