Жогорку Кеңештин депутаты Эрнис Айдаралиев мас абалында унаа башкаруу үчүн айдоочулук укуктан ажыратууну айыпка алмаштырууну сунуштаган мыйзам долбоорун демилгеледи. Документ 28-октябрда коомдук талкууга коюлду.
Депутат бул мыйзам долбоору «жол кырсыктарын алдын алуу, айдоочулардын тартибин бекемдөө жана мас абалында унаа башкарган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү» максатында иштелип чыкканын белгиледи. Анын айтымында, мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн айдоочулук укуктан ажыратуу натыйжасыз болуп чыккан, ошондуктан айып системасын киргизүү зарыл.
Мыйзам долбооруна ылайык, мас абалында унаа башкаруу үчүн жеке адамдарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салуу сунушталууда.
Кыргызстанда 2023-жылдын март айынан тартып мас абалында унаа башкарган айдоочулар бир жылга айдоо укугунан ажыратылып келет. Мурда мас абалында унаа башкаруу үчүн айып жана коомдук иштер гана каралган болчу.