Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы 10-октябрда кол койгон. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов аскердик наамдар убагында мыйзамсыз берилген деген негиз менен алынганын билдирди.
Генерал-майор наамынан ажыратылгандар: ички иштер министринин мурдагы орун басарлары Алмазбек Орозалиев, Мирлан Каниметов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) мурдагы башчысы Малик Нурдинов, УКМКнын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Талантбек Салиев менен УКМКнын 9-кызматынын экс-жетекчиси Санжарбек Эркинбаев.
2020-жылы 14-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков жогорудагы беш кишиге наам ыйгарган.