Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Image description29-октябрь саат 8:35тен тарта Ош—Бишкек унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды.

Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Учурда жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.

Ишкана айдоочуларды сөзсүз кышкы дөңгөлөк менен чыгып, 500 метр аралыкты сактоого чакырды.

28-октябрь кар жааганына байланыштуу Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.

Иллюстративдик сүрөт