Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын 29-октябрдагы маалыматына ылайык, «Оберон» ишканасы «Дордойдон» 6,42 гектар жана «Орто-Сай» базарынан 1,68 гектар жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алган.
«1998-жылы ишкана ээлери аталган жер тилкелерин ижарага алып, кийин кызмат адамдары менен сүйлөшүп, мыйзамсыз менчикке өткөрүп алышкан», — дешти атайын кызматтан.
Ошондой эле, УКМКдан наркы 3 млрд 889 млн сомго бааланган жалпы аянты 8,1 гектар базарлардан түшкөн киреше Бишкек шаарынын бюджетине түшөрүн кошумчалашты.