Тергөө абагында жаткан ишкер Ташов 30-октябрда өз өмүрүнө кол салып, №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Ташовдун адвокаты Самат Матцаковдун «Клоопко» билдиришинче ал ичине жаракат келтирген.
«Аны кайрадан СИЗОго алып кетишти. Өзүнө жаракат берген жерин тигишкен. Мен азырынча медициналык корутундуну көргөн жокмун. Азырынча түшүнүксүз, ошондуктан прокуратурага арыз жазып, эмне үчүн бул окуя болгонун текшерүүсүн суранабыз»,
- дейт Матцаков.
29-октябрда Биринчи май райондук сотунда Ташовдун кылмыш иши карала баштаган. Анын апасы журналисттерге ишкердин СИЗОдо ток менен азапташып, сабаганын айткан эле.
Ташовго «Бийликти күч менен басып алуу», «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо» жана «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча айып тагылган.
УКМК апрель айында Ташов бийликти күч менен басып алуу ишинин алкагында изделип жатканын билдирген. Кийин атайын кызмат аны Кайыңды айылынан кармаган.