Парламенттин 30-октябрдагы жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев милиция кызматкерлерин видеого жана сүрөткө тартуу үчүн айып салуу тууралуу мыйзам долбоорун күн тартибинен алууну сунуштады.
«Депутаттардын көбү каршы болуп жатат. Балким [мыйзам долбоорун] күн тартибинен алабыз? Аны [иштеп чыккандан кийин] дагы бир жолу карайлы», — деди Сыдыгалиев.
Депутаттар мыйзам долбоорун кайра кароону бир добуштан колдошту.
Эл өкүлү Сеид Атамбаев [мыйзам бузууларды тарткан] жарандардын, активисттердин жана журналисттердин аркасы менен укук коргоо органдарынын иши ачыгыраак болуп калганын белгиледи. «Жарандар [милиция кызматкерлерин] жаманатты кылуу үчүн эмес, а өздөрүнүн коопсуздугу үчүн видеого тартарын эске алуу керек», — деди ал.
«Тыюу Конституцияда жана эл аралык актыларда жазылган өз эркин ачык билдирүү укугун потенциалдуу түрдө бузушу мүмкүн [...] Потенциалдуу — анткени “кызматкерлердин ишин дискредитациялоо” — бул өтө кеңири түшүнүк. [...] Жарандар кызматкерлерге карата нааразылыгын айтып же сындаган кандай гана видео болбосун, баарын тең “дискредитация” деп эсептеп койсо болот», — деди Атамбаев.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери жарандар соцтүйүнгө милиционерлердин сүрөт, видеосун алардын «кадырын кетирүү» максатында чыгарып жатат деп эсептейт.
Документте милиция кызматкерлерин видеого же сүрөткө тартып, аны соцтүйүндөргө жарыялагандарга 5 000 сомго чейин айып салуу же бештен жети суткага чейин камакка алуу жазасы каралган.
Мындан тышкары, депутаттар Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренесине толуктоо киргизүүнү сунуштоодо. Анда бийлик өкүлүнө же коомдук тартипти камсыздоо боюнча кызматтык милдетин аткарып жаткан адамга каршылык көрсөткөндөргө 50 миңден 200 миң сомго чейин айып салуу же бештен жети жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда.