Президент гимнди өзгөртүүну колдой турганын «Кабар» агенттигине берген маегинде айтты.
Ал гимн 33 жыл мурдагы эгемендүүлүк кубанычын чагылдырганын, эми аны заман талабына ылайык жаңылоо зарыл экенин белгиледи. Учурдагы гимн «архивде тарых катары сакталып каларын» билдирип, «жаштарга дем бере турган жаңы гимн керектигин» айтты.
«Эми гимнди эртең эле өзгөртө коёлу деген маселе жок. Гимнди чыгармачыл адамдар, композиторлор, акындар жазып, элге салыш керек. Көпчүлүк эл колдогон гимнди кабыл алсак жаман болбойт. Гимнди окуучулардан баштап ак сакал ата-апаларыбызга чейин ырдап турса кандай сонун. Керек болсо той-концерттерде ырдалып турса эмнеси жаман. Гимндин мазмуну мамлекетибизди даңазалоо, жарандарыбызды мекенчилдикке, биримдикке, ынтымакка чакыруу, мамлекетибизди түбөлүккө сактап калалы деген ураандар болуш керек. Өмүр бою эле азаттыкка чыктык деп жүрө беребизби?» — деди Жапаров.