28-октябрда милицияга Сокулук районунун аймактык ооруканасына 22 жаштагы келин жаракаттары менен жеткирилгени тууралуу кабар түшкөн.
«Тергөө 28-октябрь күнү таңкы саат 7ден 10го чейинки аралыкта Заречное көчөсүндө жайгашкан үйдө К.М. аттуу тургун жарандык никедеги Д.Кны сабап, зомбулук көрсөткөнүн аныктады», — деп билдиришти Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан.
24.kg басылмасынын маалыматына ылайык, «күйөөсү аялынын тырмагын жулуп, бычак менен бир нече жолу сайганда анын ички органдары жараланган. Үйгө күбөлөр кирип келгенде күйөөсү аялын араа менен аралоого аракет кылып жатканын көрүшкөн».
Бул боюнча үй-бүлөлүк зомбулук беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.