Жайыл районундагы аялдар үчүн социалдык стационарда пациенттерге адамгерчиликсиз мамиле жасалганын Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор кабарлады.
Текшерүүдө эки адам полдо жатканы аныкталган.
«Алты аял эмеректери жок, тазалык сакталуучу идиши бар бош бөлмөгө камалып коюлган. Бул бөлмө оор, акыл-эси кем адамдарды убактылуу жайгаштыруу үчүн “изолятор” катары колдонулуп келген. Бөлмөдө суук болгонуна карабастан, аялдардын көбү кийимсиз жана бут кийимсиз болгон», — деп жазылган маалыматта.
Учурда бул фактылар боюнча акт түзүлүп, иликтөө үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.