Жумгал: Дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөгө 100дөн ашык киши тартылды

30-октябрда ӨКМ башчысы Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Жумгал районундагы Өрнөк айылынын дайынсыз болуп жаткан эки жашоочусун — Болот Карыпбековду жана уулу Бекзатты издөөгө тогуз дрон менен 104 киши чыкты.

Издөө иштерине куткаруучулардан тышкары дрондор менен ИИМ кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар да тартылды.

Дайынсыз болуп жаткан тургундардын жакындарынын айтымында, мал кайтарганы кеткен ата-бала 16-октябрдан бери дайынсыз болууда. Аларды издөө 18-октябрда башталып, эртеси туугандары ӨКМге жардам сурап кайрылышкан.