17 жаштагы өгөй кызын өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Image descriptionБишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 17 жаштагы өгөй кызын уурдоого жана өлтүрүүгө шектелген кишини кармашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, 30-октябрда Биринчи май райондук милициясына кыздын апасы арыз менен кайрылган. Ал кызын 52 жаштагы күйөөсү BMW Х5 үлгүсүндөгү унаасы менен уурдап кеткенин билдирген.

Кийинчерээк кыздын сөөгүн Чүй облусунун аймагында табылган. Шектүү башка унаа менен Ысык-Көлгө барып, өз жанын кыюуга аракет кылып жаткан учурда кармалган.

Бул боюнча «Адам уурдоо» жана «Адам өлтүрүү» беренелери менен кылмыш иши козголду.