Дыйкандар үчүн тейлөө борборлору ачылат

Image descriptionБул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Калкты тейлөө борборлору сыяктуу иштеген бул жайларда дыйкандар үчүн маалымат берилет.

«Тейлөө борборлорунда каржылоо, үрөн, селекциялоо, техника, кайсы дары-дармектерди колдонсо болот, жер семирткич жана башка дыйкандарга тиешелүү бардык маалыматтар берилет»,
— деди Төрөбаев.

Жакынкы күндөрү Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында пилоттук долбоор ишке киргизилет.