Депутат Дастан Жумабеков парламенттин 31-октябрдагы жыйынында Сокулук районундагы убактылуу автобекетте шарттар жок экенин сынга алды.
Анын айтымында, автобекет «убактылуу» болсо да, мэрия адамдар үчүн шарттарды түзүшү керек болчу. Бирок калаа бийлиги «шагыл төгүп, тегерегине контейнерлерди коюп гана койгон».
«Ал жерге күн сайын канчалаган жарандарыбыз келип-кетет, канча деген таксилер турат. Же бир ажатканасы, же намазканасы же ашканасы жок болсо. Кышында эң суук жер, жайында аябай ысыган жер да ошол аймак. Убактылуу болсо да шарт болуш керек да. Талаага алып барып эле каттамдар ушул жерде болот деген болбойт»,
— деди Жумабеков.
Депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков менен Бактыбек Чойбеков да бийликти бул маселени чечүүгө чакырышты.
Буга чейин Бишкек мэриясы 23-октябрдан тарта Батыш жана «Акжол» автобекеттери жабылганын билдирген. Нарын жана Ысык-Көл облустарына каттамдар жаңы «Бишкек автобекетинен», ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарына Сокулук районунда убактылуу уюштурулган автобекеттен каттай баштаган.
Өткөн жумада Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жарандарды «чыдай турууга» чакырып, кийинки жылы Бишкекте жаркыраган жаңы автобекет болорун айткан.