Мотуевге расалык, этникалык жана улуттук кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы маалымдады.
Мекеменин маалыматы боюнча инстаграмда «nurlan_motuev_official» аккаунтунда улуттук азчылыктарга каршы терс пикир айтылган видео табышкан. Анда ал интернет аркылуу коомчулукту улуттар аралык кастыкка үгүттөөгө аракет кылган деп айыпталууда.
«Аталган факт боюнча экспертизалардын корутундусуна ылайык, адамдын улуулугун, улуттук таандыктыгы боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун лингвистикалык белгилери бар болгон»,- деп жазылган маалыматта.
Мотуев Бишкек шаардык ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.