31-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Илимдер академиясынын жапырт башаламадыктарга чакырык жасоо айыбы менен кармалган мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин иши боюнча отурум өттү.
Адвокат Акынбек Ногоев соттон Карабаевди тил кат менен бошотууну өтүндү. Ал айыпталуучу жакшы мүнөздөмөлөргө ээ деп белгилеп, апасынын жалгыз багуучусу экенин эске алууну өтүндү. Ал ошондой эле прокуратура Карабаевдин тергөөчүкнүн коркутуулары боюнча билдирүүсүн текшерип жатканын белгиледи.
Прокурор Карабаевге коркутуулар болгону тууралуу маалымат ырастала элек экенин, ал оор кылмышка айыпталып жатканын эскертти.
Жыйынтыгында сот адвокаттын өтүнүчүн канааттандырды. Кийинки сот отуруму 26-ноябрга белгиленди.
Карабаев быйыл июлда кармалган. Адвокаттары ага күч түзүмдөрдүн айтканы боюнча экспертизанын корутундусун жазып берүүдөн баш тартканы жана кесиптештерин сындаганы үчүн иш козголгонун айтышкан.