АКШ Орусияга жабдууларды жеткиргени үчүн дагы бир кыргыз компаниясына санкция салды

АКШнын Мамдепартаменти менен Каржы жана Соода министрликтери Орусияга Украинадагы согушта колдонулуп жаткан товарларды жеткирген дээрлик 400 уюмга жана адамга санкция салды.

Алардын арасында «Сервис Флай Бишкек» (Service Fly Bishkek) деген кыргыз компаниясы да бар. АКШ бийлигинин маалыматына ылайык, ишкана 2024-жылдын май айынан бери Орусиядагы «Warehouse Foress» компаниясына 1,2 млн долларлык товар жеткирген.

Кыргызстандын Юстиция министрлигинин сайтында Service Fly Bishkek «түрдүү жабдууларды дүңүнөн сатып» иштей турганы, ээси Магамед Омаров экени жазылган. Ал эми орусиялык «Warehouse Foress» компаниясы аба кемелерин оңдоо жана техникалык жактан тейлөө менен алектенет.

«CHPL категориясындагы товарлар, анын ичинде микроэлектрондук жана авиациялык компоненттер АКШ менен ЕБден жөнөтүлгөн»,
— деп жазылган Мамдепартаменттин билдирүүсүндө.

Мекеме АКШнын бийлиги «Орусия согуштук максатта үчүнчү өлкөлөрдөн технологиялар менен жабдууларды сатып алып жаткан каналдарды жана түйүндөрдү бузууга аракет кылып жатканын» белгиледи.

«Санкциялар Орусиянын аскердик өнөр жайы үчүн чечүүчү мааниге ээ экспортер-өлкөлөргө каршы багытталган»,
— деп кошумчалашты Мамдепартаменттен.

Буга чейин АКШнын бийлиги Орусиянын өнөр жай объектилери менен кызматташканы үчүн бир нече кыргызстандык компанияга санкция салган. Акыркы жолу санкциялык тизмеге «Транзит Сервис Бишкек» жана «Нова проект» компаниялары киргизилген.

Орусия 2022-жылы февралда Украинага толук масштабдуу кол салгандан кийин АКШ жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөр Москвага санкция салып, аскердик максатта колдонулушу мүмкүн болгон технологиялардын экспортуна чектөөлөрдү киргизген. 

Кыргызстандын бийлиги Украинадагы согуш боюнча расмий нейтралдуу позицияда экенин билдирген. Бирок Орусия санкцияга илинбеген Кыргызстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөр аркылуу батыш технологияларын алууну улантып келет.