«Каралап жатат». Орунбеков «Клооп» менен Болот Темировдун иликтөөсүнө жооп берди

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков «Клооп» менен журналист Болот Темировдун иликтөөсү тууралуу пикирин билдирди. Буга чейин басылма президент Садыр Жапаровдун туугандары менен жакындары «Мадина» кездеме базары менен жанындагы ишканаларды кантип өз колдоруна алганын иликтеп чыккан.

Орунбеков материалда «бир дагы далил жок» жана иликтөө «эл айтты, ошондой ойлойбуз деген ушак менен даярдалган» деп эсептейт.

«Мындай каралоолор бизге тосоолдук жаратпайт. Жетекчибиз дагы “ушундай ушакчыларга алаксыбагыла” деп айтты эле. Президенттин командасы дымактуу пландарын ишке ашыруу үчүн күнү-түнү иштеп келүүдө жана жалпы элдин жыргалчылыгы үчүн багытталган иштерди уланта берет. Темп абдан ылдам, максаттар чоң. Ит үрө берет, биз алдыга жүрө беребиз», — деди ал.

Орунбеков иликтөөгө жооп иретинде өлкөнүн акыркы жылдагы бирдиктүү бюджетин көрсөтүп, өлкөдө «ар тараптуу жаңылануулар болуп жатат» деген пикирин билдирди.

Ал «Клооптун» ишмердүүлүгүнө чектөө коюлганын, ал эми иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылганын эске салды. Ошондой эле активисттер Мелис Аспеков менен Тилекмат Күрөңовду да «бузуклук менен алектенип жатат» деп кошумчалады.

Сөз болуп жаткан иликтөөнү кененирээк бул жерден окуңуз: https://bit.ly/4fpCl6h