1-ноябрда Биринчи май райондук соту Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасын карап, абактагы мөөнөтүн 2-январга чейин узартты. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров билдирди.
Ал тергөө бир дагы жолу атасын суракка албаганын белгилеп, анын эмне байлыгы бар экенин издөө менен алек болууда деген пикирде.
Азимбек Бекназаров кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелип 12-сентябрда кармалган. Кийин райондук сотунун чечими менен камакка алынган.
УКМКнын маалыматы боюнча, саясатчынын 2010-жылдагы Апрель революциясы учурунда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоого жана коротууга тиешеси бар.
Кийин Бекназаров президентке кайрылып, 1 млн долларды кымырып алган деген маалыматты мурда депутаттык комиссия жана прокуратура текшерип, мыйзам бузуу таппаганын айткан. Жакындары болсо өлкө башчыдан аны үй камагына чыгарууну өтүнгөн.