Бишкектин Ленин райондук соту желекти өзгөртүүгө каршы чыккан активист Автандил Жоробековду күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо уюму кабарлады.
Ага «Жалпыга маалымдоо каражаттарын же маалыматтык-коммуникациялык тармакты колдонуу менен бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси менен айып тагылган.
Жоробеков былтыр декабрда желекти өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүнү пландаган. Көп өтпөй массалык башаламандыкка чакырууга шектелип кармалган.
Кийин экспертизанын жыйынтыгы жок кылмыш иши кармалып, сот алдыга жылбай жатканы белгилүү болгон. Ал быйыл 15-июнда гана эч кайда кетпөө тил каты менен абактан бошотулган.