Алагөзов: Бишкектеги жаңы автобекет кийинки жылы май-июнь айларында ишке берилет

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Бишкектеги убактылуу курулду делген автобекетке байланыштуу билдирүү жасады.

Ал автобекеттин шаар сыртына чыгарылышы айылга каттагандар үчүн ыңгайсыздык жаратып жатканын айтып, элди сабырдуулукка чакырды.

«Айрыкча, жергиликтүү шайлоолордун жүрүшүн ойлоп, же алдыдагы парламенттик шайлоонун камын көрүп популисттик кылып жаткандарга айтат элем, эртеңки күнү жаңы автобекет жаркырап бүткөндө, жаңы Ош базары аяктап, жарандарыбыз ыраазычылыгын айтып баштаганда өзүңүздөр эле уят болуп каласыздар», — деди ал.

Алагөзов курулуш иштери жүрүп жаткан жаңы автобекет менен Ош базарынын видеосун жарыялады. Ал автобекет кийинки жылдын май-июнь айларында ишке берилет деп ишендирди.

«Мындан улам, өтүнүч, бир аз сабырдуулук кылып турсаңыздар.Кээде алдыдагы ийгиликтер үчүн айрым ыңгайсыздыктарга чыдап коюуга туура келет», — деди ал.