Минкаб төрагасы жылдын аягына карата ИДӨ $2500 жетерин билдирди

Image descriptionБул тууралуу Акылбек Жапаров жыл сайын өтүүчү Улуттук форумда билдирди.

«Биз жан башына ички дүң өнүм (ИДӨ) 2500 доллардын тегерегинде болот деп күтүп жатабыз. Ошондуктан ИДӨ төрт жылда эки эсе өстү деп айта алабыз. Үч жылдын ичинде өлкөнүн бюджети үч эсеге көбөйдү, 2020-жылы 247,7 миллиард сомду түзсө, 2024-жылы 660 миллиард сомдон ашат», — деди ал.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2022-жылы ИДӨ жан башына $1740 түзгөн.