1-ноябрда Свердлов райондук сотунун судьясы УКМК тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Нурлан Мотуевдин кармалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты.
Шаардык соттон Мотуев 29-декабрга чейин үй камагына чыгарылганын билдиришти.
Өткөн аптада экс-депутат, азыркы блогер Нурлан Мотуев соцтүйүндөрдөгү билдирүүсү үчүн кармалган. Ага «Раса, улут, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.