Маалыматка караганда, өздөрүн «УКМКнын кызматкерибиз» деп атаган белгисиз кишилер басылманын редактору Ырысбү Кылычбек кызынын жакын туугандарына, журналист Адахан Амантуровдун мектебине барышкан.
Алар журналисттер тууралуу маалыматтарды сураштырышкан.
«Өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деген белгисиз адамдар биздин журналисттердин айылына барып, алар тууралуу жеке маалыматтарды топтоп жатыптыр. Кандай максатта маалымат чогултуп жатышканын укук коргоо органдарынан билгенге аракет кылып жатабыз», — деп жазды басылманын башка редактору Дилбар Алимова.
Бул боюнча укук коргоо органдары комментарий бере элек.