Алмамбет Салиев 2025-жылдын 4-январына чейин камакта болот. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук сот кабыл алып, УКМК тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырды.
Салиевге «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен айып тагылган.
Салиев 2021-жылы да мыйзамсыз баюу айыбы менен кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал президенттик аппаратта иштеп турганда расмий кирешесинен кыйла көп суммага мүлктөрдү сатып алган.
Салиевди президенттик аппараттын башчысынын орун басары кызматына экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы дайындаган. Бул кызматта иштеп турган кезинде Салиевди укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнүн аракеттерин көзөмөлдөгөн «көмүскө башкаруучу» деп атап келишкен.