Жалал-Абад облусунда Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Болотбек Дүйшөналиев кармалды. Облустук милициядан ага «Жапырт башаламандыктарга чакырык жасоо» беренеси боюнча айып тагылганын билдиришти.
24.kg басылмасы Дүйшөналиев 22-ноябрга чейин камакка алынганын жазды.
Дүйшөналиев өзү соцтүйүндөргө жарыяланган видеокайрылуусунда «бул анын саясий оппоненттеринин кылганы экенин» билдирип, кылмыш ишин «саясий буйрутма» деп атады. Ал жапырт башаламандыктарга чакырык жасабаганын айтып, бул ишти өз көзөмөлүнө алуу өтүнүчү менен президентке жана УКМКнын төрагасына кайрылды.
36 жаштагы Дүйшөналиев алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо «Эркин Эл» партиясынын атынан талапкер болууда.