Эмгек министрлиги: Орусиянын «кара» тизмесинде 76 миңден ашык кыргызстандык бар

Image descriptionОрусиядагы мигранттар эми бул өлкөнүн «кара» тизмесинде бар же жок экенин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун сайтынан — migrant.kg'ден текшере алышат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу брифингде билдирди.

Анын айтымында, 1-октябрга карата Орусиянын «кара» тизмесинде 76 миңден ашык кыргызстандык бар.

«Азыр техникалык иштер жүрүүдө. “Кара” тизмеге кирип калышы мүмкүн болгон бардык жарандардын тизмесин ушул сайтка жүктөп жатабыз. Эгер алар бул тизмеде экенин көрүп, Орусияда жүрүүсүн мыйзамдаштырууга мүмкүндүгү болсо, анда бул мүмкүнчүлүк менен пайдаланып калууга болот»,
— деди ал.

Дарманкул уулунун айтымында, жалпысынан чет өлкөлөрдө 600 миң кыргызстандык болсо, алардын 334 миңи Орусияда эмгектенип жүрүшөт.