Басылманын жетекчиси Дилбар Алимова кызматкерлеринин соцтүйүндөгү аккаунттарына жапырт чабуул болгонун айтып, сүрөттөр менен бөлүштү. Ал бул жагдайга тынчсызданып жатканын билдирди.
«Журналисттер бийликтин душманы эмес, биз болгону коомду маалымат менен камсыз кылып жатабыз»,
— деди ал.
Алимова бир күн мурда эле белгисиз бирөөлөр басылмада иштеген эки журналисттин жеке маалыматтарын чогултуп жатканын билдирген. Ал өздөрүн «УКМКнын кызматкерибиз» деген адамдар журналисттердин жакындарына жана мектебине барып, маалымат сураштырганын айткан.
Бул боюнча укук коргоо органдары комментарий бере элек.