«Сабак болушу керек». Шакиев абактагы журналисттерди бошотуу маселесин караштырууну убадалады

Бул тууралуу Нурланбек Шакиев маалымат жана басма сөз күнүнө карата журналисттерди сыйлоо аземи учурунда айтты. Иш-чарада журналист Бакыт Орунбеков «башаламандыкка чакырууга» айыпталган журналисттерди бошотууну өтүнгөн.

«Анча-мынча ката кетирип, жаңылып, ушундай учурга дуушар болгон кесиптештерибиздин маселесин сөзсүз түрдө карайбыз. Бирок кийинкилерге сабак болушу керек. Баарыбыз жоопкерчилик эмне экенин билишибиз керек. Бирөөгө акаарат, шек келтирүү, айрыкча мамлекеттин беделине шек келтирүү өтө туура эмес экенин баары сезиши керек», — деди төрага.

24.kg’нин маалыматына ылайык, Шакиев «Ынтымак Ордонун» ачылышында президент жаңы имарат «чечкиндүүлүк, достук жана өнүгүүгө умтулуунун» символу экенин айтканын эске салды. Ал өлкө башчынын «араздашкан тараптар биригиши керек» деген пикирин колдой турганын белгиледи.

10-октябрда Ленин райондук соту Temirov Live’дын башаламандыкка чакыруу айыбы менен быйыл январда кармалган 11 журналистине өкүм чыгарган. Ага ылайык, Махабат Тажибек кызы алты, акын Азамат Ишенбеков беш жылга эркинен ажыратылды. Дагы эки журналист — Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык пробация менен бошотулду. Калгандары кылмыштын курамы жок деген негизде акталды.