Сузак: Минкаб 60 гектар айыл чарба жерин эл аралык аэропорттун курулушуна берди

Image descriptionМинкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш жана Көк-Арт айыл аймактарында жайгашкан айыл чарба жерлерин «өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы» жерлердин категориясына өткөрүү тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралуу Tazabek басылмасы жазды.

Жердин жалпы аянты 58,97 гектарды түзөт. Минкаб Сузак райондук акимчилигине айыл чарба максатында колдонуу үчүн башка аз өнүмдүү жерлерди киргизип, алардын ушул багытта пайдаланышын көзөмөлдөөнү тапшырды.

2023-жылы декабрдын аягында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жергиликтүү тургундар менен жолукканда Көк-Арт өрөөнүнө ири эл аралык аэропорт куруларын билдирген. Кийинчерээк Turmush басылмасы атайын кызматтын башчысы аэропорттун курулушуна $400 млн жакын каражат жумшаларын кошумчалаганын жазган.

Ташиевдин айтымында, аэропорт Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун боюндагы 350 гектардан ашык жерге курулат.