Токтогул: Башкаламандыкка чакырууга шектелип кармалган талапкер тил кат менен бошотулду

Image descriptionБШК Жалал-Абад облусунда Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына аттанган Болотбек Дүйшөналиев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулганын кабарлады.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына милициядан Дүйшөналиевди кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү боюнча кайрылуу 4-ноябрда гана келип түшкөн. Учурда ал каралууда.

Буга чейин БШК Дүйшөналиевдин укугу бузулуп жатканын билдирген. Мекемеден «талапкер шайлоонун жыйынтыгы жарыяланганга чейин аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугу жок, эгер кылмыш жасаган жерде кармалбаса, жоопко тартылбайт жана камакка алынбайт» деп эскерткен жана милициядан эч кандай кайрылуу келбегенин айтышкан.

Дүйшөналиевге «жапырт башаламандыкка чакыруу» айыбы тагылып, камакка алынганы айтылган. Ал «бул саясий атаандаштарынын кылганы экенин» айтып, кылмыш ишин «саясий буйрутма» деп атаган.

36 жаштагы Дүйшөналиев шаардык кеңештин депутаттыгына «Эркин Эл» партиясынан талапкер болууда.