Бишкек: Темир жол шаардын сыртына чыгарылып, ордуна магистраль курулат

Минкаб жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү үчүн China Road And Bridge Corporation in Kyrgyzstan ишканасы менен кызматташуу тууралуу меморандум долбоорун жактырды. Бул тууралуу Tazabek басылмасы жазды.

Меморандумга ылайык, Бишкек аркылуу өткөн темир жол шаардын сыртына чыгарылып, анын ордуна кесилишкен көчөлөргө чыга турган тилкелери менен жогорку ылдамдыктагы магистраль курулат.

Документтин авторлору долбоорду ишке ашырууда тараптар «коомдук уюмдар жана эксперттик коомчулук» менен өз ара аракеттешүүсү керектигин белгилешти.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Минкабдын атынан меморандумга кол коюуга, ошондой эле ага «принципиалдуу мүнөздөгү эмес» өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу болот.