Кыргызстан ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгү кыргыз жарандарын бул өлкөдөгү «миграциялык мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр менен жакшылап» таанышууга чакырды. Күн мурун мекеменин кызматкерлери Орусия Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.
ИИМ өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Орусияда 72 миңге жакын кыргызстандык мыйзамсыз жүрөт.
«[Бул] Орусияда убактылуу жүрүү мөөнөтүнүн аяктаганына, убактылуу жашап туруу уруксатынын жокко чыгарылышына байланыштуу болушу мүмкүн»,
— деп билдиришти мекемеден.
ИИМ кыргыз жарандарын укуктук жардам алуу үчүн тиешелүү органдарга өз убагында кайрылууга чакырды.
Быйыл күзүндө Орусиянын Мамдумасы мигранттарга каршы бир катар мыйзамдарды кабыл алган.
Ага чейин орус президенти Владимир Путин мигранттарга каршы бир нече мыйзам долбооруна кол койгон.