Февралда тартып алынган Бишкектеги темирбетон буюмдарын чыгаруучу «Кум-Шагыл» заводу Президенттин иш башкармалыгына өттү. Бул тууралуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин документтеринде жазылган. Акционерлери өз акцияларын Каныбек Туманбаевдин мекемесине өткөрүп берүүдөн баш тартканына жана Юстиция министрлигинин сайтында юридикалык жак дале болсо акционерлерге таандык экени жазылып турганына карабастан, жерге жана заводдун имаратына болгон укуктун иш башкармалыкка өткөрүлгөнү документтештирилди.
Кыймылсыз мүлккө болгон укук тууралуу көчүрмөгө ылайык, Бишкек мэриясы шаардын административдик сотунун чечиминин негизинде заводду өзүнө алган. 4-сентябрда болсо өз токтому менен аны президент Садыр Жапаровдун иш башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга берген.
«Клооп» буга чейин жазгандай, Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү шагыл карьеринин жанында жайгашкан «Кум-Шагыл» заводу 1965-жылы негизделген. Ал ирригациялык системаларга, «Кыргыз Темир Жолуна», энергетиктерге, өнөр жайга жана жарандык курулуштарга курама темирбетон конструкцияларын жеткирүүгө адистешкен. СССР таркагандан кийин, 1993-жылы ишкананын эмгек жамааты аны акционерлештирген. Алгач алар завод жайгашкан жерди Бишкек мэриясынан ижарага алып колдонуп келсе, 2005-жылы мүлктүк комплекстин ажырагыс бөлүгү катары менчиктештирип алышкан. А шагыл өндүрүү карьери ижарада кала берген.
«Кум-Шагылдын» жумушчуларынын айтымында, завод өндүргөн продукция ондогон жылдар бою Кыргызстанда жана өлкөнүн сыртында суроо-талапка ээ болуп, киреше алып келип турган. Бирок ационерлердин айтканы боюнча, 2021-жылы алардын бирин Президенттин иш башкармалыгына чакырып, Садыр Жапаровдун жаңы резиденциясынын курулушуна 17 миң куб метр темирбетон белек кылууну сунушташкан. Завод $500 миңге бааланган бетонду бекер даярдап бере алган эмес, анткени бул ишкананын бир жылдык кирешесинен ашык болчу. Акционерлер мунасага келүүнүн жолу катары аткаминерлерге жок дегенде темирбетондун курамына кирген цементтин акчасын төлөп берүүнү сунушташкан. Бирок беркилер баш тартып коюшкан.
Бул окуядан кийин «Кум-Шагылды» текшерүүлөр менен жүдөтө башташса, Бишкек мэриясы эч кандай түшүндүрмөсүз эле карьердин ижарасы боюнча келишимди узартууну кечеңдете берген (бирок заводдун шагыл өндүрүү лицензиясы көп жылга алдын ала алынган). Көп өтпөй калаа бийлиги карьерди Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп бергени белгилүү болгон. Андан соң прокуратура менен УКМК заводдун өз жерине болгон укугун талаша башташкан.
Соттук териштирүүлөр бир нече жылга созулду. Бул аралыкта заводдун башкы акционери Владимир Попов менен анын үй-бүлөсүнө коркутуулар болгон. Жогорку кызматтагы аткаминерлер жеке ишканага барып, эч кандай мыйзамдуу негиздерсиз эле ал жактан ээсин жана кызматкерлерин кууп чыгууга аракет кылышкан. Башкы директорун заводду мэрияга каттатууга да мажбурлашкан, бирок нотариус ал арзыбаган келишимди күбөлөндүрүүдөн баш тарткан.
2024-жылдын 8-февралында Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин, Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы Нурдан Орунтаевдин жана Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин жеке катышуусу менен милиция заводду курчоого алып, күч менен тартып алынган.
Муну менен катар аткаминерлер «Кум-Шагылдын» акционерлерине кысымды уланта беришкен. Бирок аларды бир жерге чогултуп, акцияларын берүүгө мажбурлай алышкан эмес. Жыйынтыгында жеке менчик укугуна кол шилтеп, Бишкек шаардык административдик сотунун 20-августтагы чечими менен заводду мэрияга өткөрүшкөн. Кийин шаар бийлиги аны Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берген.
Аткаминерлер ишкананы кантип тартып алганы жөнүндө кененирээк «Президенттин жеке рейдери» аттуу иликтөөбүздөн окуңуз.