Бишкектеги № 57 мектептин тарых мугалими жумуштан кандай жагдайда кеткени азырынча белгисиз.
Билим берүү министри аталган мектептеги директорунун милдетин аткаруучу менен жолугуп, окуянын чоо-жайын укту. Ал «мугалимге ачуу мамиле жасоо адеп-ахлакка туура келбейт» деп, окутуучунун укуктары корголушу керектигин эскертти.
Министр иштен кеткен мугалим менен телефон аркылуу байланышып, анын жумушка кайтуусуна колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
Буга чейин соцтүйүндө окуучулардын алдында мугалимди тилдеп жаткан аялдын видеосу тараган. Анда тарых мугалим «сиз мени тажаттыңыз» деп ыйлап жатканын көрүүгө болот. Кийин мугалим чыр окуучунун тартибине байланыштуу маселеден улам келип чыкканын айткан.