«Жол берилгис көрүнүш». Мугалимди тилдеген ата-эненин окуясы боюнча министрлик үн катты

Соцтармакта окуучулардын алдында мугалимди тилдеп жаткан аялдын видеосу тарады. Анда тарых мугалим «сиз мени тажаттыңыз» деп ыйлап жатканын көрүүгө болот.

Окуя Бишкек шаарындагы №57 мектепте болгон. Министрлик мугалимге ыдык көрсөтүп, анын беделин түшүрүүгө аракет кылган жосунду жол берилгис көрүнүш катары баалады.

«Министрлик №57 мектептин администрациясы, Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаменти өз компетенциясынын чегинде иш алып барып, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылганын маалымдайт», — дешти мекемеден.

Билим берүү министрлиги мугалимдерге терс мамиле жасоого жол берилбей турганын айтып, ата-энелерди сый-урмат көрсөтүүгө чакырды.