Акылбек Жапаров журналисттерди дагы бир ирет «терс кабарларга азыраак көңүл бурууга» чакырды

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы 7-ноябрда Маалымат жана басма сөз күнүнө карата ЖМК өкүлдөрүнө уюштурулган сый тамак чогулушунда билдирди. Ал журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Техниканын өнүккөн доорунда сиздердин ролуңуздар дагы жогорулайт деп ишенем. Жасалма интеллект адамдын түшүнүгүн, интуициясын жана эмпатия жөндөмдүүлүгүн – журналистиканын чыныгы кайталангыс сапаттарын алмаштыра албайт»,
— деди ал. 

Ошондой эле Жапаров журналисттерди Кыргызстандын «туристтер үчүн жагымдуу өлкө катары позитивдүү имиджин түзүүгө» чакырды.

«Келиңиздер, өлкөбүз жөнүндө оң маанайда жазып, терс жаңылыктарга азыраак көңүл бурганга аракет кылалы»,
— деди ал.

Мындай билдирүүнү Акылбек Жапаров буга чейин бир нече ирет айткан. Ал тургай 2018-жылы депутат кезинде туристтерди тартуу үчүн интернетте орус тилинде жана терс жаңылыктарды жарыялоого тыюу салууну сунуштаган. 2022-жылы болсо «терс кабарлар» туризмге зыян экенин айтып, эки милиционердин өспүрүм кызды зордуктаганы тууралуу кабарды мисал кылган.