4-ноябрда президент Садыр Жапаров «Оюн-зоок ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин жактырды.
Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген. Эми мыйзамдагы «казинону толук же жарым-жартылай мамлекеттик объектилерде жайгаштырууга болбойт» деген ченем алынып, ал 20-ноябрдан тарта күчүнө кирет.
Демилгечилердин айтымында, долбоор инвестиция тартуу, жаңы иш орундарын түзүү жана салык кирешесин көбөйтүү максатында иштелип чыккан.
Өлкөдө казино уюштрууга 2022-жылдын июнунда уруксат берилген. Бирок мыйзам долбоору парламентте талаш жаратып, бир нече аймакта казиного каршы митинг өткөн. Бийлик өкүлдөрү казиного чет элдиктер гана кирип, кыргызстандыктарга тыюу салынарын айткан.