Президент Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.
Ал «так, калыс маалымат менен камсыз кылуу аркылуу аң-сезимдүү коом курууда ЖМКнын ролу абдан маанилүү» экенин билдирди.
«Бул өңүттөн алып караганда мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатты, жасалып жаткан иштерди калың элдин катмарына жеткирүүдө сиздердин кызматыңыздардын орду баа жеткис.
Элибиз күткөн жаңылыктарды даярдоодо кылган эмгегиңиздер ар дайым канагат алып келсин, мээнетиңиздер акталып эң жакшы жыйынтыкка – жалпы окурмандардын, көрүүчүлөрдүн жана угармандардын сый-урматына ээ болуңуздар»,
— деди ал.
Быйылкы жыл журналисттерди жапырт кармоо, сотто жана басылмаларды бөгөттөө менен коштолду. Медиа коомчулук жана эл аралык уюмдар өлкөдө сөз эркиндиги чектелип, ЖМКга басым күчөгөнүн айтууда.
Бирок президент баштаган бийлик өкүлдөрү өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталап, мындан ары да боло берет деп ишендирип келишет.