«Чек арасыз кабарчылар» (RSF) эл аралык уюму «ПолитКлиника» жана «Апрель» басылмаларынын журналисттерине жасалган хакердик чабуулдар жана кызматкерлеринин жеке жашоосу жөнүндө маалыматтарды топтоо аракеттери боюнча Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен түшүндүрмө талап кылды.
Уюмдун билдирүүсүндө RSF мындай аракеттерди айыптай турганы белгиленген.
Буга чейин өздөрүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырган адамдар «ПолитКлиника» басылмасынын журналисттери Ырысбү Кылычбек кызы, Адахан Аманатов жана Бектур Оргубаевдин жеке маалыматтарын чогултуп жүргөнү белгилүү болгон.
Ушундай эле учурга туш болгонун «Апрелдин» журналисти Юлия Кулешова да билдирген. Анын айтымында, 29-октябрда милиция кызматкеринин күбөлүгүн көрсөткөн эки киши коңшуларынан анын жеке жашоосу жөнүндө сураштырып, кийин апасына барып да суроолорду беришкен.
Мындан тышкары бир катар журналисттер да алардын соцтүйүндөрдөгү аккаунттарын бузуп кирүү аракеттери болгонун билдиришкен.
Азырынча журналисттер айткан бул учурлар боюнча УКМК менен ИИМ комментарий бере элек.