Орусиядагы кыргыз милиция кызматкерлери коомдук тартипти камсыздоо иштерин аткарбайт

Бул тууралуу Кыргызстан ИИМинин орус шаарларында өкүлчүлүгү ачылганы боюнча комментарий берген Орусиянын Ички иштер министрлиги билдирди.

Мекемеден укук коргоо органдарынын ортосундагы бул кызматташтык 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган өкмөттөр аралык макулдашуунун негизинде жүрөрүн белгилешти. Ал документте эки өлкөнүн бири-биринин аймагында миграция органдарынын өкүлчүлүктөрүн ачуусу каралган.

«Аталган өкүлчүлүктөрдөгү кызматкерлердин саны тараптардын макулдашуусу менен аныкталып, алардын бөлүмдөрү бир нече шаарларда ачылышы мүмкүн. Ошол эле макулдашуу менен өкүлчүлүктөрдүн иш өзгөчөлүктөрү белгиленет. Алардын кызматкерлери тартипти камсыз кылуу, иликтөө жүргүзүү жана кылмыштардын бетин ачуу ыйгарым укугуна ээ болушпайт. Алардын негизги максаты — өз жарандарына жардам берүү, анын ичинде Кыргызстандан Орусияга жана Орусиядан Кыргызстанга көчүп баруусуна жардамдашуу», — деп билдиришти Орусия ИИМинен.

Мекемеден Кыргызстан ИИМинин кызматкерлери Орусияга кыргыз элчилигинин кеңешчилеринин жана катчыларынын дипломатиялык рангында барышканын кошумчалашты.

Буга чейин Кыргызстандын Ички иштер министрлиги «кыргыз жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүү, кылмыштардын алдын алуу боюнча чараларды көрүү жана алардын кылмышка каршы аракеттерине жол бербөө максатында» Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларында өз өкүлчүлүктөрүн ачкан. Анда кыргыз милиционерлери Кыргызстандын жарандары катышкан маңзат сатуу учурларына көз салып, Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн 72 миң кыргызстандыкка байланышкан маселелерди чече турганы айтылган.