Нарында дайынсыз болуп жаткан ата-баланы жана 17 жаштагы кызды издөө иштери уланууда

Image descriptionӨКМдин куткаруучулары Жумгал районундагы Өрнөк айылынын октябрдын ортосунан бери дайынсыз болуп жаткан тургундарын — 49 жаштагы Болот Карыпбеков менен анын тогуз жашар уулу Бекзатты издөөнү улантып жатышат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү издөө иштерине 14 киши тартылды.

Жакындарынын айтымында, Карыпбеков менен анын уулу 16-октябрда жайлоого мал кайтарганы кетип, ошондон бери дайынсыз болууда. Аларды издөө иштери 18-октябрда башталган.

Мындан тышкары куткаруучулар 2-ноябрда Жаңы-Жол айылындагы көпүрөдөн Нарын дарыясына секирип кеткен 17 жаштагы кызды издөөнү улантып жатышат. Бул ишке жалпысынан 58 киши тартылды.