Бул тууралуу Бакальчук өзү телеграм-каналына жазып, мурдагы аялы Татьяна Ким жана президент Садыр Жапаров менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.
«Кыргызстандын жарандыгын жазында эле алгам — бул кадамым ал сонун жана достук мамиледеги өлкөдө бизнес жүргүзүүмө жардам берет. Кыргызстан — биз ири логистикалык борбор курууну пландаган өлкөлөрдүн бири жана компанияга кайтып барарым менен бул ишти болушунча натыйжалуу жасай аларыма ишенем»,
— деп жазды ал.
Быйыл жайында Wildberries тышкы жарнаманын ири оператору эсептелген Russ компаниялар тобу менен бириккени жарыялангандан кийин жубайлардын ортосунда жаңжал чыккан. Анда Wildberries'тин акцияларынын 99% ээлик кылган негиздөөчүсү Татьяна Ким (мурдагы Бакальчук) күйөөсү Владислав Бакальчук (акцияларынын 1% таандык) менен ажырашууга арыз берген. Бакальчук өзү компания рейдерлик басып алууга туш болгонун, андан «бизнесин тартып алып жатышканын» билдирген.
Бакальчукту Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров колдоп чыккан. Сентябрдын ортосунда Wildberries'тин Москвадагы кеңсесинде атышуу болуп, эки киши өлүп, бир нечеси жаракат алган. Бул боюнча Орусиянын Кылмыш кодексинин беш беренеси, анын ичинде «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Анда Wildberries'тен Владислав Бакальчук кеңсеге «мыйзамсыз кирип барууга аракет кылганын» билдиришкен.