Бул тууралуу Эргешов соцтармактагы баракчасына бөлүштү. Ал жарыялаган соттук кабарлоодо сот отуруму 12-ноябрда өтө турганы жазылган.
«Али Эргешов айып түрүндөгү жазасын аткаруудан баш тарткандыгы үчүн айыпты эркиндигинен ажыратуу менен алмаштыруу жөнүндөгү сунуш боюнча соттук отурум 2024-жылдын 12-ноябрь күнү саат 17:00дө дайындалгандыгын билдирет», — деп жазылган соттук кабарлоодо.
Али Эргешовдун YouTube каналында 144 миң катталуучу бар. Ал 13-февралда «Бейбаштык» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
Жалал-Абад шаардык соту 15-февралда аны үй камагына чыгарган. Сот блогерди кийин 70 миң сом өлчөмүндөгү айыпка жыккан.