Бактыгүл Султангазиева Улуттук онкология жана гематология борборунун директору кызматынан алынды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов парламенттин Социалдык саясат комитетинин 11-ноябрдагы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 6-ноябрда Султангазиеванын ордуна борбордун убактылуу директору болуп анын орун басары дайындалган.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Минкабга Султангазиеваны 2021-жылдан бери иштеп келген кызматынан бошотуу тууралуу сунуш берген.
Октябрда депутаттар Айсулуу Мамашова менен Аида Исатбек кызы Онкология борборунун ишине даттанышкан. Алардын айтымында, Султангазиева борбордун ишин көзөмөлдөгөн эмес жана бейтаптарды аткаминерлердин телефон чалууларынан кийин гана кабыл алып келген. Мындан улам айрым жарандар анын жеке клиникасына кайрылууга аргасыз болушкан.