Окуя 7-ноябрь күнү кечинде Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылындагы кафелердин биринде болгон.
Милициянын маалыматына ылайык, топ балдар 18 жаштагы кызды күч менен унаага салып кетишкен. Шектүүлөр Алма-Ата көчөсүндөгү айланма жолго жеткенде колго түшкөн.
Ысык-Көлдүн 27 жаштагы тургуну кызды мажбурлап никеге туруу максатында уурдаганы аныкталган. Шектүүлөр тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Окуя тууралуу милицияга күбөлөр кабарлаган. Алар шектүүлөрдү кууп, кызды ала качууга жолтоо болушканы айтылат.