Бишкектеги №57 мектептин мугалимин ыйлаткан аялга айып салынганын «Клоопко» Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Милициядан коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматы «мугалимди сыйлабаганы үчүн» окуучунун апасына протокол түзгөнүн белгилешти.
Буга чейин соцтүйүндө окуучулардын алдында мугалимди тилдеп жаткан аялдын видеосу тараган. Анда тарых мугалим «сиз мени тажаттыңыз» деп ыйлап жатканын көрүүгө болот. Мугалим чыр окуучунун тартибине байланыштуу маселеден улам келип чыкканын айткан.
Кийин мугалимдин иштен кеткени кабарланган. Билим берүү министри окутуучунун укугу корголушу керектигин эскертип, анын жумушка кайтуусуна колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.