Президент: Ар бир аферистке жооп берип отурсам, кантип мамлекетти саздан сууруп чыгам?

Өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, ага карата айтылган сындарга жооп берди. Ал терс пикирлерге көңүл бурбай иштей берерин, жыйынтыгына эл жана тарых баа берерин белгиледи.

«Мамлекеттин иши менен алек болбой эле ар бир аферистке жооп берип олтурсам анда кантип мамлекетти саздан сууруп чыгам? Ошондуктан жолумдан “үрүп чыккан” анча-мынча “иттерге” көңүл бурбай, баш көтөрбөй иштей беришим керек. Жыйынтыгына эл жана тарых баа берет»,
— деди ал.

Жапаров абактагы активист Мелис Аспеков менен өлкөдөн чыгарылган журналист Болот Темировдун билдирүүлөрүн жалаа деп атады.

Ал эми журналисттер Канышай Мамыркулова менен Сабыр Муканбетовдун комментарийлерине «чымын чаккандай» да болбогонун айтып, аларды «кыргыз элинин душмандары» деп атады.

«Ал эми Канышай, Сабыр дегендериң алар “үрүп чыккан иттердин” бири. Аларга көңүл бурбай эле койгула. Алар мамлекетте болуп жаткан жакшылыктарды, өнүгүүнү көрө албаган кыргыз элинин душмандары. Тыштан каржыланган “котур ташы койнундагылар”. Алар өлкөдө ызы чуу, баш аламан болуп турса чөнтөгү кампайып, курсагы тоюп, көңүлү көтөрүлүп турган немелер»,
— деди президент.

Жапаровдун мурдагы тарапташы Мелис Аспеков соцтүйүнгө азыркы бийликти коррупцияга айыптаган видеолорду жарыялап келет.

Ал президенттин коррупция боюнча күнөөсүн моюндаган экс бажычы Райымбек Матраимов жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен болгон байланышы тууралуу айткан. Ошондой эле «Кумтөр» кени боюнча Centerre Gold менен болгон келишим Кыргызстан үчүн «пайдасыз болгонун» белгилеген.