Акаев 2005-жылы төңкөрүштү АКШнын колдоосу менен кылмыштуу күчтөр жасаган деп эсептейт

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев 10-ноябрда «Российская газетага» маек куруп, Орусиядагы илимий иштерин аяктаганда сөзсүз мекенине кайтып келерин билдирди.

Ал 2005-жылдагы «Жоогазын» ыңкылабы АКШнын колдоосу менен криминалдык күчтөрдүн катышуусунда болуп, төңкөрүш «Америка үчүн арзанга турган» деген пикирин билдирди.

Акаев АКШга 2003-жылы Орусиянын авибазасын өлкөгө жайгаштырууну колдоп, 2004-жылы «Манас» аэропортуна америкалык чалгындоочу «Авакс» самолётун жайгаштыруудан баш тартканы үчүн жакпай калганын белгиледи.

«Талдоочулар 10дон 50 миллион долларга чейинки сумманы айтып жүрүшөт. Ошого Америка үчүн “Жоогазын ыңкылабы” арзанга түштү, ал эми Кыргызстан үчүн өтө эле кымбатка турду: 15 жыл бою башаламандык, артка кетүү, экономикалык сенектик болду. Эл “ондогон жылды жоготтук” деп адилет баа берип жүрөт. [...] Андан ары АКШ Грузия, Украинадагыдай көрүнүштү кайталады. Көзкарандысыз ЖМКда үй-бүлөмдү укмуштай каралоо кампаниясы башталды. Американын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг оппозициялык күчтөрдү революцияга өзү баштап ачык эле даярдады»,
— деди ал.

Акаев 2005-жылы Кыргызстан «саясий, экономикалык жана руханий жактан ийгиликтүү реформаланган, туруктуу, бакубат өлкө болгонун, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев башында турган кылмыштуу күчтөр жасаган төңкөрүштүн кесепети өлкөдөгү саясий абалга узак жыл терс таасирин тийгизгенин» айтты.

«Ошол күнү “кандай болбосун ок чыгарбагыла” деген акыркы буйругумду бергем. Өз мекендештеримдин канын төккөн жокмун, анткени дайыма “бир да бийлик тамчы канга татыбайт” деген гумандуу принципти карманып жүрөм. Өлкөнү башкаруусуз каатчылыкка кептебейин деп президенттик ыйгарым укуктарды өз эрким менен өткөрүп берип, элиме жаңы президент шайлоого жол ачтым. Бул боюнча элимдин алдында абийирим таза»,
— деди ал.

Аскар Акаев — Кыргызстандын биринчи качкын президенти. Ал өлкөнү 15 жылдан ашык башкарган. 2005-жылдагы «жоогазын ыңкылабынан» кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Анын бийлиги коррупция, бийликти узурпациялоо, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында өткөн тынчтык митингинде жарандарга курал колдонуусу менен эсте калган. Ал быйыл 10-ноябрда 80 жашын белгиледи.